«Бул эмне тешик?» Кара-Кулжада Жогорку соттун төрагасынын сынынан кийин сырттагы ажаткана алмаштырылатПарламенттик шайлоо: 34 чет мамлекетте 100 шайлоо участогу ачылатӨкмөт башчы менен ЕРӨБдүн вице-президенти энергетика, инфраструктура боюнча долбоорлорду ишке ашырууну талкуулаштыТИМ башчысы ТүркПАнын жаңы дайындалган баш катчысы менен жолуктуЖол кырсыгын жараткан кайгуул кызматкери буга чейин андан качкан айдоочуну урганБир аптанын ичинде Кыргызстанда 6,5 миңден ашык КРВИ учурлары катталды
Чек ара жаңжалы. Садыр Жапаров Максат айылынын тургундарына жаңы үйлөрдү тапшырат
27.08.2021 | 11:37
Өлкө башчы Садыр Жапаров 27-28-августта Баткен облусунда иш сапары менен болот. Мамлекет башчысы чек арага чектеш айылдарга барып, өнөр жай ишканаларынын абалы менен таанышат жана жергиликтүү тургундар менен жолугушат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Иш сапардын алкагында кыргыз-тажик чек арасында тажиктердин кол салуусунан жабыркаган Лейлек районунун Максат айылында жаңы курулган үйлөрдү ээлерине тапшырат.
Өлкө эгемендигинин 30 жылдыгына карата дагы 140 үйдү куруп бүтүү пландалууда.
Ошондой эле Арка, Интернационал жана Сады айылдарында турак үйлөрдү куруу иштери уланууда.
Жаңжалда 136 үй, 15 социалдык обьект, 27 май куюучу жай, 34 соода түйүнү, 5 ашкана, 3 тойкана талкаланган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом