Ош шаарында дээрлик 70 гектар жерге агро өнөр жай комплекси курулатКыргызстанга документтери жок 400 граммга жакын алтын жана 2 кг күмүш алып кирүүгө аракет кылышкан«Биз Амирчикти өлкөгө кайтардык» — орусиялык композитор Виктор ДробышЯпония Кыргызстанга 3,5 млн долларлык жол куруу техникасын берет2027-жылдан тарта Кыргызстанда инфляцияны ооздуктоо боюнча мамлекеттик программа иштей баштайтАчык аба ырайы жана +23°Cге чейин жылыйт: 20-октябрга карата аба ырайы
Чек ара жаңжалы. Садыр Жапаров Максат айылынын тургундарына жаңы үйлөрдү тапшырат
27.08.2021 | 11:37
Өлкө башчы Садыр Жапаров 27-28-августта Баткен облусунда иш сапары менен болот. Мамлекет башчысы чек арага чектеш айылдарга барып, өнөр жай ишканаларынын абалы менен таанышат жана жергиликтүү тургундар менен жолугушат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Иш сапардын алкагында кыргыз-тажик чек арасында тажиктердин кол салуусунан жабыркаган Лейлек районунун Максат айылында жаңы курулган үйлөрдү ээлерине тапшырат.
Өлкө эгемендигинин 30 жылдыгына карата дагы 140 үйдү куруп бүтүү пландалууда.
Ошондой эле Арка, Интернационал жана Сады айылдарында турак үйлөрдү куруу иштери уланууда.
Жаңжалда 136 үй, 15 социалдык обьект, 27 май куюучу жай, 34 соода түйүнү, 5 ашкана, 3 тойкана талкаланган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом