Өлкө башчы «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо» жөнүндө мыйзамга кол койду

Өлкө башчы «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо» жөнүндө мыйзамга кол койду

Өлкө башчы Садыр Жапаров президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Белгилүү болгондой, 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн референдумда Кыргызстандын жаңы Конституциясы кабыл алынган (КР Президенти 2021-жылдын 5-майында кол койгон). Анда Жогорку Кеңешти түзүүнүн жаңы жол-жоболору каралып, депутаттарды шайлоого мүмкүн болгон шайлоо жөнүндө тиешелүү мыйзамды иштеп чыгуу жана кабыл алуу талап кылынган.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңештин шайлоосун аралаш шайлоо системасы боюнча өткөрүү каралат.

Президент кол койгон мыйзамга ылайык, парламентке 36 депутат бир мандаттуу округдан жана 54 эл өкүлү партиялык тизмеде преференциалдык добуш берүү аркылуу шайланып келет. Партиялар үчүн шайлоо босогосу 5% деп белгиленген.

Аталган мыйзам бүгүн, 27-августтан тарта күчүнө кирет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>