Чек арада жараат алган 17 бала Ошто дарыланууда — сүрөт

Чек арада жараат алган 17 бала Ошто дарыланууда — сүрөт

Бүгүн, 19-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Ош облустук аймактык ооруканасында жана Ош облустук балдар клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан Баткен окуясында жараат алган жарандардан кабар алды.

Өкулчүлүктүн маалыматына караганда, Бакыт Төрөбаев жана Зиядин Жамалдинов жарандар жана балдар баарлашып, мамлекет тарабынан колдоо жана жардам берилет деп билдирди.

Акыркы Баткен облусунда чек арада болгон окуядан жараат алган 6 бейтап Ош облустук аймактык ооруканасына, 17 бала Ош облустук балдар клиникалык ооруканасына жаткырылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>