Тажикстандын кол салуусу боюнча кылмыш иши козголду, — ИИМ

Тажикстандын кол салуусу боюнча кылмыш иши козголду, — ИИМ

Баткен облусунда абал туруктуу бойдон турат, бирок чыңалуу сакталууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Баткен облусу боюнча ички иштер органдарынын жана ага кошумча күч катары берилген күч каражаттарынын коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чараларын, Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган турак-жайларды, имараттарды, соода-сатык түйүндөрдү толугу менен карап чыгуу жана анын чыгымдарын аныктоо боюнча түзүлгөн тергөө топторунун ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөдө.

Учурда Кыргызстандын жана Тажикстандын Ички иштер министрликтеринин кызматкерлеринен турган биргелешкен кайгуул кызматтары күнү-түнү коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоо багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Баткен облусунун аймагында орун алган окуя боюнча Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 402-беренеси (тынчтыкка каршы кылмыштар) менен кылмыш иши козголгон.

“Тажикстандын кол салуусу боюнча ар тараптуу, кылдат текшерүү иштерин алып баруу максатында, Баткен облусунун аймагында ведомстволор аралык тергөө тобу түзүлүп, тергөө иштери башталды. Тергөө тобунун курамы ИИМдин, Башкы прокуратуранын, аскер прокуратурасынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, өзгөчө кырдаалдар жана коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнөн түзүлүп, иштеп жатышат.

Түзүлгөн топ жабыркаган айылдарда кароо иштерин жүргүзө баштады. Бүгүнкү күнгө карата тергөө топтору тарабынан ок атышуу учурунда жабыркаган турак үйлөрдү жана соода-сатык түйүндөрүнө, он беш объектиге кароо иштери жүргүзүлүп, келтирилген чыгымдарды аныктоо иш-чаралары башталды”, — деди Октябрь Урмамбетов.

Ошондой эле, ал Баткен облусуна келген гуманитардык жардамдардын бөлүштүрүлүп, жарандарга жеткирилиши көзөмөлдөнүп жатканын айтты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>