Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жараат алган жарандардын саны 198 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги 20-сентябрь саат 15:00гө карата билдирди.
Маалыматка караганда, алардын ичинен 26 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн. 172 адам ооруканада дарылануусун улантууда.
Баткен облусундагы ооруканаларда 68 жабырлануучу дарыланууда, 104ү Бишкек жана Ош шаарларындагы ооруканаларга которулган:
1. Улуттук госпиталда – 75;
2. Улуттук хирургиялык борбордо – 8;
3. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда – 8;
4. Тез жардам ооруканасында — 9;
5. Ош облустук бириккен ооруканасында — 4.
Бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар. Баткен облусунда куралдуу кагылыштан каза болгондордун жалпы саны 59 адамды түзөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз