Чек ара жаңжалында жараат алгандардын саны 198 адамга жетти

Чек ара жаңжалында жараат алгандардын саны 198 адамга жетти

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жараат алган жарандардын саны 198 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги 20-сентябрь саат 15:00гө карата билдирди.

Маалыматка караганда, алардын ичинен 26 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.  172 адам ооруканада дарылануусун улантууда.

Баткен облусундагы ооруканаларда 68 жабырлануучу дарыланууда, 104ү Бишкек жана Ош шаарларындагы ооруканаларга которулган:

1. Улуттук госпиталда – 75;

2. Улуттук хирургиялык борбордо – 8;

3. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда – 8;

4. Тез жардам ооруканасында — 9;

5. Ош облустук бириккен ооруканасында — 4.

Бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар. Баткен облусунда куралдуу кагылыштан каза болгондордун жалпы саны 59 адамды түзөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: чек ара

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>