Жапаров: Коңшу өлкөнүн жоокерлери үчүн да кайгырып жатабыз

Жапаров: Коңшу өлкөнүн жоокерлери үчүн да кайгырып жатабыз

Биз өзүбүздүн гана эмес, коңшу өлкөнүн жоокерлери үчүн да кайгырып жатабыз. Бул тууралуу өкмөт башчы Акылбек Жапаров Бишкектеги Ишкерлер күнүнө арналган иш-чарада сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, эл арасында Кыргызстандын расмий органдары кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта «башка тараптын жоготуулары тууралуу сүйлөбөй жатат» деген сөздөр айтылууда.

«Азыр бардыгы өкмөт же расмий органдар башка тараптын жоготуулары тууралуу эмнеге үн катпай жатат деп сурашууда. Биз өзүбүздүн гана эмес, коңшу өлкөнүн жоокерлери үчүн да кайгы тартып жатабыз. Бул жерде кубана турган эч нерсе жок. Бирок бир метр жерибизди да эч кимге берген жокпуз», — деди ал.

Эскерте кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Кыргызстан тараптан 59 киши каза болуп, 185 адам жабыркаган. Каза болгондордун ичинен 40ы жана жабыркагандардын 70и аскер адамдары.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: чек ара

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>