Чет элдик жарандан пара талап кылууга шектелип милиция кызматкери кармалды

Чет элдик жарандан пара талап кылууга шектелип милиция кызматкери кармалды

Бишкекте милиция кызматкери чет өлкөлүк жарандан пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМКга чет өлкөлүк жаран арыз менен кайрылып, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери ушул жылдын февраль айынын аягында кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, андан 5 миң доллар акча талап кылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (опузалап пара талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө Бишкек шаарында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын улук ыйгарым укуктуу кызматкери Ж.М. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>