14-майда Чолпон-Ата шаарында ШКУнун 10-эл аралык марафону Run the Silk Road өтөт.
Дене тарбия жана спорт башкармалыгынан билдиришкендей, марафонго ШКУга мүчө өлкөлөрдүн командалары, Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү жана бардык чуркоочуларды кошкондо 3 миңге жакын адам катышат.
Жарыштар: 2 км 195 м (марафон), 21 км 97 м (жарым марафон), 10 км, 3 км жана скандинавиялык басуу 3 жана 10 км аралыктарда пландаштырылган.