Салык кызматкерлери 5 миңден ашык көчөт отургузушту

Салык кызматкерлери 5 миңден ашык көчөт отургузушту

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери “Жашыл мурас” улуттук кампаниясына кошулуп, экологияны коргоо жана жаратылыш мурастарын сактоо боюнча жалпы республикалык акцияга активдүү катышышты.

Ийне жалбырактуу жана жазы жалбырактуу дарактардын 5 миң 216 көчөтүн, анын ичинде көк карагайды, арчаны, теректи, кайыңды, туйду, каштанды жана башка түрлөрүн отургузушту.

Ишембиликтердин жүрүшүндө көчөттөрдү отургузуу сейил бактарда, скверлерде, салык органдарына жакын аймактарда, жолдордун жээгинде жана башка коомдук жайларда жүргүзүлдү.

“Жашыл мурас” жалпы республикалык кампаниясы климаттын туруктуулугун жогорулатууга жана жаратылыш мурастарын сактоого багытталган жана КР Президентинин “2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын алкагында өтүп жатат.

Салык органдарынын кызматкерлери жер-жерлерде жергиликтүү бак-дарактарды, анын ичинде жаш бак-дарактардын көчөттөрүнө андан ары кам көрүүнү камсыз кылышат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>