Корея Ош шаарынын таза суу системасын жаңылоого 10 млн доллар грант беретСадыр Жапаров абактан чыккан Даниэль Ажиевди алып бара жаткан тик учакты кайтарууну буйруду6-мартка карата аба ырайыКыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйтКытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району ШКУ өлкөлөрү менен практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү көздөйт
Чолпон-Атада тоого чыгып жоголуп кеткен төрт бала табылды
09.03.2024 | 12:17
Чолпон-Ата шаарында тоого чыгып кетип, дайынсыз болуп жаткан 4 бала табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 8-мартта Чолпон-Ата шаарында тоого 4 бала чыгып, акыркы жолу саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
11 жаштагы үч бала жана 16 жаштагы бир баланы издөөдө жетүү кыйын аймак болгондуктан, ИИМдин кызматкерлери көмөк көрсөтүү боюнча кайрылышкан. Издөө ишин жүргүзүүгө ӨКМдин Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан Авариялык куткаруу унаасы менен 3 куткаруучу, ИИМден 4 кызматкер жана туугандарынан 3 адам тартылган.
Натыйжада куткаруучулар тарабынан түнкү саат 12:10до жогорудагы 4 бала аман-эсен табылып, ата-энелерине өткөрүлүп берилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар