Сузакта жер документтерин жасалмалоого шектелип үч жаран кармалдыБишкекте ачкыч тууралап Honda Fit айдап качкан эркек кармалдыАйдоочуларга эскертүү: Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүү коркунучу барКыргызстанда орточо айлык акы 55 миң 525 сомго, ал эми баалар 8,8%га жогоруладыМинкаб Бишкектеги баш-аламан курулуш боюнча тапшырманын 80%ын аткарган жок — БекешевЖалал-Абадда жерди мыйзамсыз бөлүп берүү фактысы боюнча кызмат адамдары кармалды
Чүйдө Audi A4 унаасын айдап качкан жигит кармалды
09.03.2024 | 13:49
Бишкектен унаа уурдап, качып бара жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ЖКККБдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 7-мартта саат 21:30 чамасында Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринде токтоп турган “Ауди А4” үлгүсүндөгү унааны белгисиз жарандар уурдап качып кетти деген маалымат келип түшкөн.
Бул факты боюнча Бишкек жана Чүй облусунун аймагында “Колго түшүрүү” иш-чарасы баштадып, анын натыйжасында Бишкек —Нарын — Торугарт айланма жолунун 31-чакырымынан “Ауди А4” үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Бирок, айдоочу кызматкерлерге баш ийбей качкан.
Ошого карабастан, кызматкерлер артынан кууп, ыкчам аракеттеринин натыйжасында 2002-жылы туулган Ш.Г. аттуу айдоочу кылмышка шектүү катары кармалв, Ысык-Ата РИИБдин тергөө кызматына жеткирилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар