Чүй облусунда эки чакан ГЭС курулат. Министрлер кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунан билдиришкендей, объект Панфилов районунун Жарды-Кайыңды дарыясында пайда болот.
Эки ГЭСтин кубаттуулугу сегиз мегаватт, башкача айтканда ар бири төрттөн болот деп күтүлүүдө. Анын алкагында жыл сайын 40 миллион киловатт-саатка жакын электр энергиясын иштелип чыгышы мүмкүн.
Инвестициялардын жалпы көлөмү 10 млн доллардан ашык деп бааланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз