Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылдыИран Ормуз кысыгын ачуу үчүн АКШга жети шарт койду«2028-жылы баарыңыздарды күтөбүз»: Татарстандан келген ансамбль кыргызстандыктарга кайрылуу жасады«Vefa» соода борборунда эскалатордон кулап түшкөн бала ооруканадан чыгарылдыБРИКС өлкөлөрү Нью-Дели декларациясын бир добуштан кабыл алышты — негизгилери13-сентябрь: Кыргызстанда абанын табы +33°C чейин ысыйт, тоо этектеринде кыска мөөнөттүү күн күркүрөшү мүмкүн
Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт
18.10.2023 | 21:22
Эртең, 19-октябрда Бишкек шаарынын айрым жерлеринде суу болбойт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, саат 9:00дөн 24:00гө чейин Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Муромский, Циалковский, Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Торугарт көчөлөрүндө, Жумушчу шаарчасы, Институт Землиделия, Ак-Өргө, Ак-Ордо конуштарында (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы) жана Тенир-Тоо конушунда (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы) суу өчүрүлөт.
Ичүүчү суу «Гагарин» жана «Түштүк-Батыш» суу топтоморунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин өткөрүүгө байланыштуу токтотулмакчы.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар