Чүй облусунун кармалган судьялары жарандан 10 миң доллар талап кылган

Чүй облусунун кармалган судьялары жарандан 10 миң доллар талап кылган

Чүй облустук сотунун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясынын 2 судьясы — Улукбек Калыбеков жана Тилек Абдырашитов ири өлчөмдө пара талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул маалыматты бүгүн УКМК ырастады.

Алар менен бирге соттук отурумудун катчысы дагы 2-июль күнү колго түшкөн. Судьялар М.Н. аттуу айыпталуучудан 10 миң доллар талап кылышкан.

«Бирок соттолуучу көрсөтүлгөн сумманы берүүдөн баш тарткандан кийин 6 миң долларга түшүрүшкөн. Акчаны алгандан кийин өз ара бөлүшкөн», — дейт УКМК.

Кармоо учурунда Улукбек Калыбеков унаасын атайын жол кырсыгына кабылтып, качып кетүү айласын көргөн.

Бүгүн Судьялар кеңеши экөөнү кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: соттор

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>