Бишкекте Кызыл-Суу кыргыздарынын аткаруусунда «Манас» спектакли коюлатКыргызстан Кытайдын Улуттук мунай-газ корпорациясы менен тыгыз кызматташатБашка бирөө сиздин атыңыздан кредит алганын кантип билсе болот? Улуттук банк түшүндүрөтКыргызстанда куткаруучулар жөнүндө көркөм тасма тартыла баштадыКурумду чокусунун санариптик картасын ыктыярчылар түзүштү — видеоАкын Аскат Жетиген эркиндикке чыкты
УКМК Аксы райондук милициясынын башчысын кармады
04.07.2024 | 15:15
Жалал-Абад облусунда Аксы райондук милициясынын башчысы жана бухгалтери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, райондук милициянын кызмат адамдары көмүр, кызматтык унаага тетик, кеңсе буюмдарын жана башка товарларды сатып алууга формалдуу түрдө тендер өткөрүп, акчаны тааны-билиш фирмаларга которуп, кийин ал акчаны өздөрүнө алып жүргөн. Ошондой эле райондук милициянын жетекчиси күйүүчү майга берилген талондорду, командировка делген акчаны кымырып жүргөн.
2-июлда райондук милициянын башчысы менен бухгалтер 200 миң сом акчаны чыгарып кетүү аракети учурунда кармалган.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Эскерте кетсек, Аксы райондук милициясын Акылбек Абдиев жетектейт.
