Кыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланатИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленетКыргызстанда шаурманын баасы кантип жана эмне үчүн айырмаланат?Кытай Кыргызстанда катаракта менен жабыркаган бейтаптарга акысыз операцияларды өткөрүүнү сунуштады
Чүйдө балык чабагын өндүрө турган комплекс ачылды
24.03.2025 | 14:12
Чүйдүн Аламүдүн районунун Гроздь айылында форель жана осетр балыгынын чабагын өстүрө турган инкубациялык комплекс ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
“Салих Аква” балык чарба комплексинин ачылышына айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев катышкан.
Форель жана осетр тукумундагы балык урук (икра) инкубациясына ылайыкталган комплекс бир инкубациялык цикл ичинде 1 миллион чабак өндүрүүгө жөндөмдүү.
Комплекстин курулушуна 576 миң доллар сарпталган. Аны Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду каржылаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар