Бишкек мэриясындагы кадрдык алмашуулар: Эки вице-мэр кызматтан бошотулдуШыкмаматов блогерлерди, креативдүү экономика өкүлдөрүн салыктан бошотуу чечимин түшүндүрдүАлтынбек Рысбеков Кыргызстандын энергетика министри болуп расмий дайындалдыАгартуу министрлиги заманбап бала бакчаларды жана мектептерди курууга чакыруудаБлогерлердин Reels видеосу 1000 доллардан турса да, алар салыктан бошотулатИлон Масктын триллиону: ал кыргыз шаурмасы менен эсептегенде канчалык көп экенин түшүндүрөбүз
Мунарбек Сейитбек уулу баштаган боксчулар Кытайда машыгуу өткөрүүдө
24.03.2025 | 13:50
Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курамасынын мушкерлери Кытайдын Үрүмчү шаарында эл аралык окуу-машыгуу жыйынына катышууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
19-март күнү башталган окуу-машыгуу жыйыны 30-мартта жыйынтыкталат.
Курама команданын тизмеси:
- Анваржон Хожиев – 51 кг;
- Санжай Сейдакматов, Зафарбек Камилов – 54 кг;
- Тургунбек Иманкадыров, Ислам Төрөбаев – 57 кг;
- Оомат Белекбаев, Мунарбек Сейитбек уулу, Омар Ливаза – 63,5 кг;
- Элдар Турдубаев, Алмаз Орозбеков – 71 кг,
- Өмүрбек Бекжигит уулу – 80 кг;
- Бакыт Токтосун уулу – 92 кг;
- Мырзакир Кошалиев – +92 кг;
- Акыйкат Абаев – улук машыктыруучу:
- Данияр Төлөгөн – уулу башкы машыктыруучу.
Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйыны Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын календардык планына ылайык өткөрүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт