Бишкекте диктор Тамара Жаманбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттүЖКда 2027-жылы онкологияга бөлүнчү каражатты көбөйтүү сунушталдыАмангелдиев Бишкекте жашаган 100 жаштагы жарандардан кабар алдыСыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышууга ниети бар экенин билдирдиБишкекте синтетикалык баңгизат сатууга шектелип 26 жаштагы жигит кармалдыКыргызстанда дагы 63 билим берүү мекемесинде ысык тамак берилүүдө
Чүйдө балык чабагын өндүрө турган комплекс ачылды
24.03.2025 | 14:12
Чүйдүн Аламүдүн районунун Гроздь айылында форель жана осетр балыгынын чабагын өстүрө турган инкубациялык комплекс ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
“Салих Аква” балык чарба комплексинин ачылышына айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев катышкан.
Форель жана осетр тукумундагы балык урук (икра) инкубациясына ылайыкталган комплекс бир инкубациялык цикл ичинде 1 миллион чабак өндүрүүгө жөндөмдүү.
Комплекстин курулушуна 576 миң доллар сарпталган. Аны Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду каржылаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар