Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты
Чүйдө чет элдик жаран алдамчылыкка шектелип кармалды
18.02.2025 | 09:52
Чүйдө чет элдик жаран алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 2024-жылы 27-августта аларга бир киши арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, ошол жылы мартта Кара-Балтада О.Я. аттуу жаран Tumosan 9115 тракторун ижарага деп алып, бирок башка адамдарга сатып жиберген.
Аталган факт боюнча “алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Андан тышкары дагы төрт жаран ушундай эле арыз менен кайрылып, алар боюнча да “алдамчылык” беренеси менен кылмыш иштери козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 52 жаштагы О.Я. аттуу чет элдик кармалган.
Учурда шектүүнүн башка ушул сыяктуу фактыларга катыштыгы текшерилүүдө.