Чүйдө дайынсыз болуп жаткан 16 жаштагы кыз 8 күндөн кийин табылды

Чүйдө дайынсыз болуп жаткан 16 жаштагы кыз 8 күндөн кийин табылды

Чүй облусунун Панфилов районунда дайынсыз болуп жаткан 16 жаштагы Халида Хаятова аман-эсен табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Халида Хаятова 10-июль күнү саат 23:00дөр чамасында Чалдовар айылындагы Байсейит баатыр көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Анын туугандары издөөгө жардам берүү өтүнүчү менен милицияга кайрылышкан.

Бул факты Панфилов РИИБге катталып, дайынсыз жоголгон жарандын жашаган жерин аныктоо боюнча текшерүү иштери башталган.

18-июлда Панфилов РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө дайынсыз жоголгон Халида Хаятованын жүргөн жери аныкталып, ал Бишкек шаарынын Чыгыш автобекетинин аймагында табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>