Чүйдө дайынсыз жоголгон Жанарбек Кенжебек уулу изделүүдө

24.07.2023 | 13:28

Чүйдүн Сокулук районунда дайынсыз жоголгон 33 жаштагы Жанарбек Кенжебек уулу изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга Жанарбек Кенжебек уулунун туугандары кайрылган. Алар Жанарбек 22-июль күнү саат 09:30да Чат-Көл айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирип, аны табууну суранышкан.

Белгилери: бою 165-170 см, орто дене түзүлүштө, чачы сары, кыска, көзү күрөң.

Кийген кийими: ак түстөгү футболка, кара түстөгү чолок шым, көк түстөгү жайкы жеңил бут кийим, кара түстөгү барсетка көтөрүп жүргөн.

Милиция Жаныбек Кенжебек уулунун жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалымат бар жарандарды 03134 5 33 80, 0708 731 173 (нөөмөт бөлүмү) же 0558 86 14 86 (издөө тобу) номерлерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top