Тажикстандык жоокер чек арада кокусунан эки жолу ок чыгарган

Тажикстандык жоокер чек арада кокусунан эки жолу ок чыгарган

23-июлда социалдык медиада кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде ок чыгарылды деген видеомаалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-июлда Тажикстандын аймагында Чек ара аскерлеринин «Плотина» чек ара постунда 2 жолу ок атылган.

“Ошол эле күнү Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, анын жүрүшүндө тажик тарап чек ара аймагында мөөнөттүү кызмат өтөп жаткан жоокер куралды оксуздандыруу учурунда кокусунан эки жолу  ок чыгарып алгандыгын маалымдашкан.  Жаракат алгандар болгон эмес”, — деп айтылат маалыматта.

Тараптар бардык көйгөйлүү тилкелерде чек араны кайтарууну уюштуруунун эрежелерин жана чыр-чатактуу жагдайларга алып келе турчу жалган маалыматтарды таркатпоо тууралуу чек арага жакын аймактардын эли арасында түшүндүрүү иштерин улантуу зарылдыгын талкуулашты.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын чек ара заставасынын башчысы жолугушуу бүтөөрү менен кокусунан чыгарылган  ок тууралуу видеотасма тарткан Кыргызстандын жараны менен маектешип, ага чыныгы жагдайды түшүндүрүп берген. Бирок буга карабастан ал жаран видеону социалдык медиага чыгарып салган.

Белгилей кетсек, кандайдыр бир суроолор жарала турган болсо жарандар жакынкы чек ара тарамдарга кайрылып маалыматты тактап же мыйзам чегинде маселелерди чечишсе болот.

Чек ара кызматы жарандарды жалган маалыматты таркатпоого чакырат. 24-июлга карата кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жагдай туруктуу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>