Чүйдө дарыгерге кол салган кыз кармалды

Чүйдө дарыгерге кол салган кыз кармалды

Чүй райондук ооруканасында медицина кызматкерине кол салган кыз убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча аталган окуя 19-августта болгон. Ошол күндүн түнү болжол менен саат 01:00до райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 21 жаштагы И.Ж. аттуу кыз «ичимдикке ууланган» деген диагноз менен келип түшкөн. Болжол менен саат 04:00та ал өзүнө келип, ооруканадан кетейин деген. Бирок ооруканадагы кызматкерлер туугандары келгенге чейин аны кое бере албай тургандыгын айтышкан. Мындан улам кыз ачууланып, реаниматолог дарыгерге кол көтөрүп, урган. Андан кийин ооруканадан кетип калган.

Окуядан соң ур-токмок жеген дарыгер милицияга арыз жазган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Милиция бул ишке шектүү катары 21 жаштагы И.Ж. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынганын билдирди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>