«2040-жылга чейин: Кыргызстанда табиятты коргоонун негизги планы сунушталды»Кытайдын тышкы иштер министри Кыргызстанга келетКыргызстан АКШдан келген автоунааларды көбүрөөк алып жатат, бирок аларга азыраак каражат сарптоодоИшкердикке жеңилдик: уруксат документтери эки эсеге кыскартылатМосквада ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңеши чогулдуПатенттер үчүн салык системасы жөнөкөйлөштү: эмне өзгөрдү
Чүйдө эжесин өлтүрүүгө шектелип иниси кармалды
28.08.2023 | 17:32
Чүйдүн Сокулук районунда бир тууган эжесинин өлтүрүүгө шектелип иниси кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 23-августта милицияга Кашка-Баш айылында 2000-жылы туулган Д.М. аттуу жарандын сөөгү табылганы, киши колдуу болгону, башында жаракаты бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Милиция шектүү катары маркумдун инисин – 2008-жылы туулган Ж.М. аттуу жаранды кармаган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда кылмыш иши боюнча тийиштүү укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз