Жалал-Абадда жаш келин катуу сабалып, ооруканага түшкөн. Шектүү кармалды

Жалал-Абадда жаш келин катуу сабалып, ооруканага түшкөн. Шектүү кармалды

Жалал-Абадда 24 жаштагы келинди катуу сабап, 52,9 миң сом акчасын тартып алган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, быйыл 28-июлда болжол саат 23:30да милицияга Ж.К. аттуу аял киши кайрылган. Ал арызында билдиргендей, А. аттуу таанышы мас абалында ур-тепкиге алып, муунтуп, Redmi 9А телефонун, электрондук картасынан 52,9 миң сом акчасын тартып алган.

Алган жаракатынан улам 24 жаштагы келин Жалал-Абад облустук бириккен клиникалык ооруканасынын «хирургия» бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Дайындалган экспертизанын жыйынтыгым менен жабырлануучу оор дене жаракатын алгандыгы аныкталып, кылмыш иши 130-беренеге (Ден соолукка оор залал келтирүү) өзгөртүлгөн

Аталган кылмыш ишине шектүү 31 жаштагы Х.А. экендиги белгилүү болуп, бирок анын жүргөн жери белгисиз болгондуктан, издөөгө алынган.

«26-август күнү милиция тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө, издөө иштеринин натыйжасында издөөдө жүргөн Х.А. Кара-Балта шаарынан кармалган. Шектүү Жалал-Абад шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Анын баш коргоо чарасы бүгүн, 28-августта Жалал-Абад шаардык сотунда каралып, 1 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Жалал-Абадда жаш келин катуу сабалып, ооруканага түштү. Шектүү кармала элек 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>