Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Чүйдө карактоого шектүүлөр кармалды
19.02.2024 | 13:22
Чүйдүн Аламүдүн районунда жаш баланы карактоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга А.Ы. аттуу аял арыз менен кайрылган. Ал арызында билдиргендей, ГЭС-5 районунда анын 2006-жылы туулган уулуна белгисиз адамдар кол салып карактап, Lexus GS 350 унаасын, 150 миң сомун, iPhone 13 жана 15 Pro Max телефондорун жана AirPods Max кулакчынын тартып алган.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 27 жаштагы Л.Д., 26 жаштагы С.Н. жана 21 жаштагы Н.И. аттуу жарандар кармалган. Шектүүлөр 2 айга камакка алынды.
Тергөө уланууда.