Түркияга окууга барган дарыгерлердин үчөө гана боор алмаштырууну үйрөнө алды

Түркияга окууга барган дарыгерлердин үчөө гана боор алмаштырууну үйрөнө алды

Боор алмаштырууну үйрөнүүгө биринчи жана экинчи топ менен Түркияга окууга жөнөтүлгөн 30 дарыгердин үчөө эле операция жасай алышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Буга чейин эки бригаданы ОшМУ жана Медакадемия Малатья шаарындагы университетке окууга жана тажрыйба алмашууга жиберген.

Бейшеналиевдин айтымында, тизмеге жумушу, тажрыйбасы жок медиктер кирип калган.

“Алардын арасында жеке клиникада иштегендер, ординатору жаңы бүтүрүп, жумушу жок жүргөндөр кирип калган. Эки күндө алар артка кайтарылган. Айрымдары бир айдан кийин, калганы 2 айдан кийин башка клиникага иштегени кетип калышкан. Түрк адистери жөнөтүлгөн 30 дарыгердин үчөө гана боор алмаштыра алат деп чечим чыгарган”, — дейт министр.

Бейшеналиев Түркияга жөнөтүлгөн акыркы топко мыкты медиктер тандалганын айтат.

“Боор каерде экенин билген, скальпель кармай алгандарды алдык. Алардын жумуш орду, айлыгы дагы сакталат. Бүгүнкү күндө 40 жакын адис окуудан өтүүдө”, — дейт ал.

Белгилей кетсек, жыйында депутат Улукбек Ормонов Түркияда окуп келген адистер жумушка алынбай жатканын айтты. Комитет жумушчу топ түзүп, маселени иликтеп чыкмай болду.

Эскерте кетсек, учурда Улуттук хирургия борборунун адистери Түркиянын Инөнү университетинде боорду трансплантациялоо боюнча үч айлык окуудан өтүүдө.

Түркия кыргыз медиктерине боорду алмаштырууну үйрөтөт

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>