Чүйдө мыйзамсыз курал-жарактарды аныктоо боюнча рейд жүрүүдө

19.05.2023 | 16:27

Чүй районунда мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды аныктоо боюнча рейд жүрүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 10-майдан 27-майга чейин Чүй районунун аймагында «Арсенал» аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлүп жатат.

“Бул рейддик иш-чара Чүй районунда мыйзамсыз сакталган ок-дарыларды, курал-жарактарды аныктоо жана жарандардын сактоого уруксаты бар курал-жарактарын жеринде текшерип тактоо максатында Чүй райондук милициясы тарабынан өткөрүлүүдө. Анда милиция кызматкерлери газ-травматикалык, сыйлама курал-жарак ээлеринин жана мергенчилик кылган жарандардын курал-жарак сактаган жайларын жеринде текшерүүгө алууда”, – деп айтылат маалыматта.

[image_carousel source=”media: 189544,189545,189546″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Рейддин жүрүшүндө сактоо эрежелерин жана узартуу мөөнөтүн бузган айрым жашоочуларга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде айып салынган.

“Тактап айтканда, Укук бузуулар кодексинин 133-беренеси (Ок атуучу, газ, пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын, же болбосо алардын атуучу ок-дарыларын сактоо жана ташуу эрежелерин бузуу) менен 10 протокол түзүлүп, эскертүү берилген. Ошондой эле, Укук бузуулар кодексинин 134-беренеси (Ок атуучу, газ, пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын каттоо мөөнөттөрүн бузуу) менен 2 жаранга протокол түзүлүп, 6 миң сом айып салынган”, – деп билдирет министрлик.

Андан сырткары, иш-чара убагында мурда Чүй районунда жашап, башка районго көчүп кеткен 2 сайсыз куралдын ээсинин дареги такталып, жашаган жерлери боюнча милицияга жөнөтүлгөн.

“Иш-чаранынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери эл арасында кылмыштуулукту алдын алуу иштерин жүргүзүп, анын натыйжасында жергиликтүү тургун бир даана сайсыз мылтыкты өз ыктыяры менен милицияга өткөрүп берди.  Чүй  РИИБи тарабынан  мыйзамсыз сакталган 1 даана сайсыз мергенчилик мылтык аныкталып алынып, азыркы учурда текшерүү иш-чаралары жүрүп жатат”, – деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top