Чүйдө мыйзамсыз курал-жарактарды аныктоо боюнча рейд жүрүүдө

Чүйдө мыйзамсыз курал-жарактарды аныктоо боюнча рейд жүрүүдө

Чүй районунда мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды аныктоо боюнча рейд жүрүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 10-майдан 27-майга чейин Чүй районунун аймагында «Арсенал» аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлүп жатат.

«Бул рейддик иш-чара Чүй районунда мыйзамсыз сакталган ок-дарыларды, курал-жарактарды аныктоо жана жарандардын сактоого уруксаты бар курал-жарактарын жеринде текшерип тактоо максатында Чүй райондук милициясы тарабынан өткөрүлүүдө. Анда милиция кызматкерлери газ-травматикалык, сыйлама курал-жарак ээлеринин жана мергенчилик кылган жарандардын курал-жарак сактаган жайларын жеринде текшерүүгө алууда», — деп айтылат маалыматта.

Рейддин жүрүшүндө сактоо эрежелерин жана узартуу мөөнөтүн бузган айрым жашоочуларга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде айып салынган.

«Тактап айтканда, Укук бузуулар кодексинин 133-беренеси (Ок атуучу, газ, пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын, же болбосо алардын атуучу ок-дарыларын сактоо жана ташуу эрежелерин бузуу) менен 10 протокол түзүлүп, эскертүү берилген. Ошондой эле, Укук бузуулар кодексинин 134-беренеси (Ок атуучу, газ, пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын каттоо мөөнөттөрүн бузуу) менен 2 жаранга протокол түзүлүп, 6 миң сом айып салынган», — деп билдирет министрлик.

Андан сырткары, иш-чара убагында мурда Чүй районунда жашап, башка районго көчүп кеткен 2 сайсыз куралдын ээсинин дареги такталып, жашаган жерлери боюнча милицияга жөнөтүлгөн.

«Иш-чаранынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери эл арасында кылмыштуулукту алдын алуу иштерин жүргүзүп, анын натыйжасында жергиликтүү тургун бир даана сайсыз мылтыкты өз ыктыяры менен милицияга өткөрүп берди.  Чүй  РИИБи тарабынан  мыйзамсыз сакталган 1 даана сайсыз мергенчилик мылтык аныкталып алынып, азыркы учурда текшерүү иш-чаралары жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>