Кыргызстанда аэропорттон президенттин администрациясына чейин өзүнчө атайын жол куруу пландалуудаСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскертти
Чүйдө ок-дарылар сакталган жай табылды
16.04.2024 | 11:24
Чүй облусунун Аламүдүн районунда ок-дарылар сакталган жай табылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылындагы «Восход» дачалык кооперативинде жайгашкан жеке менчик тилкесинин аймагынан жерге көмүлгөн желим баштык табылган.
Баштыктын ичин текшерүүдө, 9 мм. калибрдеги 108 даана ок-дары, ошондой эле Макаров маркасындагы тапанчанын 2 компоненти (магазин 8 ок-дарысы, стволду тазалагычтары) табылып алынган.
Учурда Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери менен биргеликте аталган ок-дарыларды сактоочу жайга тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом