Ошто 5 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды

Ошто 5 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда 5 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, 15-апрелде райондук милицияга 33 жаштагы жаран кайрылып, ошол эле күнү эртең менен 2019-жылы туулган кызы уктап жаткан бөлмөсүндө жок болуп жатканын билдирген.

Издөө иштеринин жүрүшүндө изделип жаткан кыз Кара-Суунун районунун аймагында талаадан бейтааныш жарандын автоунаасынан табылган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (адамды уурдоо) жана 155-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 31 жаштагы З. Э. уулу аттуу жаран кармалган.

Жабырлануучу кызга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Учурда жабырлануучу кыз ата-энесинин жана дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Тергөө амалдары уланууда.

Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>