Бейшекеев Азия чемпионатындагы беттешин жеңиш менен баштады (видео)

Бейшекеев Азия чемпионатындагы беттешин жеңиш менен баштады (видео)

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Раззак Бейшекеев (67 кг) Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатындагы биринчи беттешин жеңиш менен баштады.

Бейшекеев таймашты квалификациялык баскычтан баштап, биринчи беттешинде монголиялык балбан менен күч сынашты.

Биринчи бөлүктөгү беттештин жүрүшүндө атаандашынын пассивдүүлүгү үчүн Бейшекеевге 1 упай берилип, монголиялык спортчу партерге жаткырылды. Бейшекеев ыкма жасайын деп жатканда, атаандашы бутка туруп кетти. Ошол учурда эки балбан кармаша кетип, Бейшекеев атаандашын көтөрүп чапты. Ал үчүн ага 4 упай берилди.

Андан кийин Бейшекеев атаандашынын аркасына өтүп, 2 упай алып, монголиялык балбанды кайра көтөрүп чапты. Бейшекеевге бул ирет 5 упай берилди. Атаандашы эреже бузгандыктан дагы 2 упай ыйгарылып, кармаш 14:0 эсебинде жыйынтыкталды.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>