Иран аскердик машыгуулар үчүн Ормуз кысыгын убактылуу жаптыБалдарды зордуктоо кылмышы үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын киргизүү сунушталуудаМигранттардын Кыргызстанга акча которуулары тарыхый жогорку чекке жеттиКыргызстандан унаа катализаторлорун ташып чыгууга алты айга тыюу салындыОштун мэринин эки орун басары кызматтан кеттиКМШ БУУда адам укуктарын саясатташтырууга каршы чыкты
Чүйдө токтоп турган унааны айдап качкан жигит кармалды
19.05.2023 | 17:07
Чүй облусунда унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 19-майда облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Жабырлануучунун айтымында, 3-апрелде Жайыл районунун Алексеевка айылында түнкү саат бир жарымдар чамасында үйдүн короосунда токтоп турган “Ниссан Примера” үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкен.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси («Автотранспорт каражатын уурдоо») менен каттоого алынган.
Жайыл РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган Х.Э. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом