Кемпир-Абад иши. Камакта отургандар ачкачылык жарыялады

Кемпир-Абад иши. Камакта отургандар ачкачылык жарыялады

Кемпир-Абад иши боюнча камакта отургандар 19-майдан тарта ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу алардын акыйкатчы жана Кыйноолорду алдын алуу борборуна жолдогон катында айтылат.

Кайрылууда «кемпир-абадчылар» билдиргендей, алар 7 айдан бери мыйзамсыз камакта отурат.

«2022-жылдын декабрь айында бардык кемпир-абадчыларды мурдагы абак бөлмөлөрүнөн башка абак бөлмөлөрүнө которушкан. Эми 15-майда Равшан Жээнбековду, 17-майда Илгиз Шаменовду дагы башка абак бөлмөлөрүнө эч негизсиз которушту. Ал эми Атай Бейшенбек уулун 18-майда 3 күнгө айып бөлмөсүнө камашты.

Биз бул аракеттерди өз оюбузду ачык билдиргенибиз үчүн бизге жүргүзүлгөн моралдык-психологиялык басым жана саясий куугунтуктун ыплас жолу деп эсептейбиз», — деп айтылат кайрылууда.

Саясий куугунтук болуп жатканын айткан «кемпир-абадчылар» каршылык иретинде 19-майдан баштап саясий ачкачылык жарыялаганын билдирди.

Алар эки талап койгон:

1) Кемпир-абадчыларга болуп жаткан моралдык-психологиялык басым токтотулсун.

2) Равшан Жээнбеков, Илгиз Шаменов, Атай Бейшенбек уулу мурдагы отурган абак бөлмөлөрүнө кайтарылсын жана улам-улам абак бөлмөлөрүнө которуулар токтотулсун.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Учурда 15 бул иш боюнча 15 киши камакта отурат.

Кемпир-Абад иши: Канча киши камакта, кимдер абактан чыкты?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>