Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Чүйдө жаран алдамчылыкка шектелип кармалды
06.03.2025 | 11:11
Чүй облусунун Жайыл районунда 38 жаштагы жаран алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыр 5-ноябрда Жайыл райондук милициясына 45 жаштагы жаран кайрылып, А.Н. аттуу жаран андан баасы 257 миң сом турган курулуш материалдарын алып, акчасын бербей кеткенин билдирген. Жарандын айтымында, сатып алуучу акчаны “унутуп” калганын, кийинчерээк алып келип берерин айтып, андан кийин материалдарды башка адамдарга сатып, из жашырып кеткен.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 38 жаштагы А.Н. аттуу жаран кармалган. Учурда тергөө жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар