Чүйдө жаран милиционер айымды «өлөсүң» деп коркуткан. Милиция үн катты

Чүйдө жаран милиционер айымды «өлөсүң» деп коркуткан. Милиция үн катты

Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы белгисиз жаран милиционер айымды «өлөсүң» деп коркутуп, сөгүнүп жатканы тартылган видео боюнча үн катты.

Маалым болгондой, быйыл 1-апрелде Аламүдүн райондук милициясынын кызматкери (аял киши) УКМКга арыз менен кайрылып, А.К. аттуу жаран артынан түшүп, сөгүп кемсинтип жүргөнү тууралуу арыз жазган.

Аталган факт Ысык-Ата райондук милициясында каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Териштирүү учурунда милиционер айым менен А.К. аттуу жаран буга чейин Сокулуктагы мектептердин биринен таанышканы аныкталган. Ал мектепте мугалим болуп иштеген. Аталган жаран милиционер айымга көзү түшүп, көңүлүн алууга аракет кылган. Бир нече убакыт өткөндөн кийин ал милиционер айымдын артынан түшүп, сөгүп кемсинтүүгө өткөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен А.К. аттуу жаранга Укук бузуулар кодекси боюнча протокол түзүлүп, аталган жаранды жоопко тартуу үчүн материалдар Ысык-Атанын сотуна жөнөтүлгөн.

Ошондой эле учурда аталган жарандын милиционер айымды «өлөсүң» деп коркутуп, сөгүп жатканы тартылып, социалдык тармактарга тараган видео боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Анын жыйынтыгы менен А.К. аттуу жаранга мыйзамга ылайык чара көрүлөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>