Акыркы суткада өлкө аймагында 318 адамдан илдет аныкталды. Бул тууралуу штабдан кабарлашты.
Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 126, Ош – 4, Чүй облусу – 79, Ош облусу – 6, Талас облусу – 4, Нарын облусу – 12, Ысык-Көл облусу – 46, Жалал-Абад облусу – 25, Баткен облусу – 16.
Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 77 миң 674 адамга коронавирус жуккан, анын 70 миң 450 сакайды.
Ал эми вирустан соңку суткада 5 адам каза болду, буга чейин республика боюнча 1 миң 312 киши илдеттен көз жумду.