COVID-19: Дагы беш адам өлгөнү айтылды

COVID-19: Дагы беш адам өлгөнү айтылды

Соңку бир сутка ичинде дагы 5 адам коронавирус илдетинен каза болду. Республикалык штабдын маалыматына караганда, үч учур Бишкек шаарында, эки учур Чүй облусунда катталган.

Республикалык штаб ошондой эле, соңку суткада 328 адамдын анализинен коронавирус аныкталганын билдирди. Илдет жуктуруп алгандардын көбү Бишкек шаарында катталган, 122 учур. Ал эми бир сутка ичинде 455 адам коронавирустан айыгып чыккан.

18-марттан 6-декабрга чейин өлкөдө жалпы 74 973 адам коронавирус жуктуруп алган. Ал эми 66 993 киши ооруну жеңип чыккан. Илдеттен улам 1295 адам өмүр менен кош айтышкан

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>