Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан дагы 21 бейтап айыкты. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 17-май күнкү брифинг учурунда билдирди.
“Айыккандардын ичинен 11 бейтап Бишкектен, 2 бейтап Ош шаарынын, 2 бейтап Ош облусунунан, Баткен жана Нарын облустарфнан үчтөн бейтап айыгып чыкты”, – деди Үсөнбаев.
Ушуну менен өлкөдө COVID-19 инфекциясынан сакайып чыккандардын саны 804 болду.