Дагы 6 медкызматкерден коронавирус аныкталды

Дагы 6 медкызматкерден коронавирус аныкталды

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 11 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 6-июнда брифингде айтты.

«Алардын ичинен экөө Бишкек шаарында, жетөө Ош шаарында, Чүй жана Нарын облустарында бирден кызматкер», – деди Үсөнбаев.

Ал эми стационарлардан сутка ичинде 1 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 389 учур катталды, алардын ичинен 273 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>