Дагы бир депутат ЖКдан кетти. Бул ирет Тазабек Икрамов мандатын тапшырды

Дагы бир депутат ЖКдан кетти. Бул ирет Тазабек Икрамов мандатын тапшырды

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов мандатынан ажыратылды. Аталган маселе бүгүн, 19-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында каралды.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, аларга Тазабек Икрамовдон депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арыз келип түшкөн.

Икрамовдун мандатын алуу тууралуу чечимди БШКнын бардык мүчөсү колдоду.

Тазабек Икрамов 2021-жылы Сузак району боюнча Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келген. Эми аталган райондо кайра шайлоо өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, жергиликтүү басылмалар 17-июлда Тазабек Икрамов УКМКга суракка чакырылганын жазып чыккан. Ал эмне себептен мандатын тапшырганы тууралуу комментарий алуу үчүн Икрамовго байланышууга мүмкүн болгон жок.

Тазабек Икрамов акыркы мезгилде бийликке сын айтып келген.

Буга чейин Жогорку Кеңештеги бир нече депутат мандатын тапшырган.

Депутат Кадырбеков өздөрүн «динозаврдан» коргоп калууга чакырды (видео)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>