Депутат Кадырбеков өздөрүн «динозаврдан» коргоп калууга чакырды (видео)

Депутат Кадырбеков өздөрүн «динозаврдан» коргоп калууга чакырды (видео)

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга макулдук алуу үчүн парламентке сунуш келтирди. Бул тууралуу төрага Нурлан Шакиев билдирди.

Андан кийин ал регламентке ылайык, парламент депутаттык комиссия түзүү керектигин белгиледи.

Депутат Нуржигит Кадырбеков Эмил Жамгырчиевди жоопко тартууга уруксат бербеш керектигин айтып, өздөрүн «динозаврдан» коргоп калууга чакырды.

«Урматтуу депутаттар, өзүбүздүн абийирди өзүбүз төкпөйлү. Бирден-бирден, «динозавр» келип, тиштегенин алып кете берсе, депутаттардын кайсы аброю калат?! Азыр комиссия түзүүгө адам беребиз, бирок биз (жоопко тартууну – ред.) колдобогондой чечими болушу керек. Бир вице-премьер канча келип бетибизге түкүрүп кетти. Өкмөт бердиби аны? Берген жок. Ошон үчүн өзүбүздү өзүбүз сыйлайлы. Кезек сага да келет», — деди депутат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>