“Даңк” ордени менен:
|
||
Абдраков Кубанычбек Касмакунович | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун курорттук-рекреациялык жана туристтик комплекстер боюнча Ысык-Көлдөгү филиалынын директору;
|
Долоталиева Дамира Темирбековна | – | Кыргыз Республикасынын Соода, коомдук тамактануу, керек-жарак корпорациясы кызматчыларынын жана башка ишкерлердин кесиптик союзунун борбордук комитетинин төрагасы;
|
Козубеков Кубанычбек | – | “Манас тренинг борбору” жоопкерчилиги чектелген коомунун окуу бөлүмүнүн окутуучусу, Бишкек шаары;
|
Малдыбаев Болотбек Абдыласович | – | И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин көркөм маданият жана билим берүү факультетинин музыка кафедрасынын профессору;
|
Сагымбаев Марат Акимович | – | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институтунун директору;
|
Садыбакасова Гүлшайыр | – | Р. Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын директору;
|
Сиротин Геннадий Павлович | – | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Бишкек штамптоочу заводу” мамлекеттик ишканасынын инструменталдык цехинин начальниги;
|
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
«Даңк» ордени менен сыйланышат:
1) Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээлин жана элдин бакубаттуулугун көтөрүүгө, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого өбөлгө түзгөн эмгектеги салымы үчүн;
2) илим, билим берүү жана саламаттык сактоо жаатындагы кошкон салымы үчүн;
3) мамлекеттик, кайрымдуулук жана коомдук иштер жаатындагы, мыйзамдуулукту, укуктук тартипти, коопсуздукту жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чындоодогу кошкон салымы үчүн;
4) улуттук маданиятты, искусствону, тарыхты сактоого, жайылтууга жана өнүктүрүүгө, өсүп келе жаткан муунду патриоттук тарбиялоого кошкон салымы үчүн;
5) спортту илгерилетүүгө, колдоого жана жайылтууга кошкон салымы үчүн.
2. «Даңк» ордени төштүн сол тарабына, «Данакер» орденинен кийин тагылат.