Кыргызстандын улуттук курама командасынын дарбазачысы Эржан Токотаев Казакстандын профессионалдык футбол лигасынын “Каспий” командасы менен келишим түздү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.
Ал Кыргызстан курама командасынын курамында 2021-жылдын 2-сентябрында Палестина менен болгон беттеште дебют жасаган. Улуттук курама команда үчүн тогуз беттеш өткөрүп, анын үч беттешин “кургак” өткөргөн.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз