19 тонна алтындын чыгарылышы: Комиссиянын төрагасы шайланды

19 тонна алтындын чыгарылышы: Комиссиянын төрагасы шайланды

Жогорку Кенеште «Кумтөр голд компани» ишканасынын айланасындагы чууну жана өлкөдөн 19 тонна алтын чыгарылып кеткен деген маалыматты иликтөө боюнча атайын түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы болуп Арсланбек Малиев шайланды. Ал Жогорку Кеңештин 25-январдагы жыйынында шайланды.

Анын талапкерлигине 64 депутат «макул», үчөө каршы добуш берди.

Комиссиянын курамы да жаңыланды. Ага депутаттар:

— Балбак Түлөбаев,

— Надира Нарматова,

— Арсланбек Малив,

— Нилуфар Алимжанова,

— Исхак Масалиев,

— Нурбек Алимбеков,

— Марат Мураталиев,

— Карим Ханджеза кирди.

Комиссиянын буга чейинки курамына депутаттар:

— Жанар Акаев,

— Нилуфар Алимжанова,

— Марлен Маматалиев,

— Балбак Түлөбаев,

— Адахан Мадумаров,

— Исхак Масалиев,

— Нурланбек Шакиев,

— Надира Нарматова,

— Улугбек Ормонов,

— Максат Сарбагышев,

— Марат Мураталиев,

— Шайлообек Атазов,

— Арсланбек Малиев кирген.

Буга чейин 27-октябрда “Кумтөр Голд Компани” ЖЧКсынын Кыргызстандын менчигине өткөн учурдан тартып алтын өндүрүү жана сатуу боюнча ишмердүүлүгүн изилдөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы болуп Исхак Масалиев шайланган болчу. Кийинчерээк ал төрагалыктан баш тартканы маалымдалган.

Төраганын орун басарлары болуп Арсланбек Малиев (Жети-Өгүз району), Жусупбек Коргонбай уулу («Мекенчил»), Нилуфар Алимжанова («Альянс») шайланган. Депутаттык комиссиянын курамына 13 депутат кирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>