Дастан Бекешев добуш берүүнү ачык кылууну сунуштады

Дастан Бекешев добуш берүүнү ачык кылууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев шайлоодо ачык добуш берүүнү киргизүүнү сунуштады.

Ал добуш берүүнүн жашыруундуулугу, коллективдүү жоопкерчиликсиздикке алып келерин айтып, ачык добуш берүү жоопкерчиликтүүлүккө чакырарын билдирген. 

“Жарандар көп учурда депутаттардын сөзүнө кылган ишине нааразылыгын билдиришет. Бирок дал ушул эле адамдар Жогорку Кеңешке ким баруусун чечүү керек болгондо эс тутумун жоготуп койгондой эле болот. Жада калса коркунучтуу июль айын сентябрда эле унутуп койдук.  Тигини муну макташат, ошол эле учурда кимдир бирөө добушун сатуудан да тартынбайт. Бирок дал ушул эле добушун саткан адам кайра коррупцияга нааразы болуп чыгат. 

Эгер добуш берүүнү ачык кылып, коркунучтуу  партияларга добуш берген баардык шайлоочуларды кийинки боло турган окуяларга да шериктеш кылып койсок кандай сонун болмок.  Акыйкат да туурабы?

Демократиянын бир кемчилиги – добуш берүүнүн жашыруундуулугу, анын артында коллективдүү жоопкерчиликсиздик жашырылган. Менин кантип добуш береримди эч ким билбейт, андыктан эч ким мени эч нерсеге күнөөлөй албайт.  Бирок тегеректегилердин баары ууру, жаман менден башкасы. Албетте баардык жарандардын позициясы мындай эмес. 

 Ачык добуш берүү биздин чынында ким экенибизди көрсөтмөк. Өзгөрүүнү каалаган жарандарбызбы же бир күндүк жашоо менен жашап, коркутуулардан же 2000-3000 сом үчүн добуш саткандарбызбы?

Бирок, мен бир нерсени так билем, 4-октябрдан кийин парламент жана өкмөттү тозоктон бирөө келип дайындап кеткенсип, жарандар сөзсүз нааразы болушат. 

Тозокту биз өзүбүз тургузуп жатабыз, бирок аны көпчүлүккө түртө салабыз”, — деп жазган депутат.

https://www.facebook.com/dastan.bekeshev/posts/3217239941662976

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>