Дастан Бекешев “Көк-Жардагы” үйлөрдү бузууну токтотууну өтүндү

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасап, Бишкектеги “Көк-Жар” турак-жай массивиндеги №172-контурдагы имараттарды бузуу иштерин убактылуу токтотууну суранды.
Депутаттын айтымында, жергиликтүү тургундар бул үйлөрдүн айрымдары 1990-жылдары курулганын жана көп жылдан бери жашап келишкенин билдиришүүдө. Алар түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөй туруп эле сүрдүрүү иштери башталганына нааразы.
“Мунун айынан эл арасында терс пикирлер жаралууда. Бул маселени адилет жана ачык чечүү үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда атайын жумушчу топ түзүлүшү керек. Түшүндүрүү иштери бүткөнгө чейин бузуу токтотулсун”, — деп айтылат кайрылууда.
Бекешев президенттен кырдаалга кийлигишип, элдин укуктары тебеленбеген чечим кабыл алууну өтүндү.