Дээрлик 1 млн $ чыры. Маркум ишкердин туугандары митингге чыкты

Дээрлик 1 млн $ чыры. Маркум ишкердин туугандары митингге чыкты

Бүгүн, 26-апрелде Бишкектеги Горький сейил багында маркум ишкер Кадыр Бузурманкуловдун туугандары жана тарапташтары митингге чыгышты.

Алар митингге эки максат менен чыккан. Биринчиси, алар Ялкун Абдуллаев аттуу адам маркум Бузурманкуловдон ири суммада акча алганын, аны кайтарып берүүсүн талап кылып, бул факт боюнча козголгон ишти укук коргоо органдары созуп келе жатканын билдиришүүдө. Экинчиси, алар Абдуллаев Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алган деп айыптап, укук коргоо органдарын буга чара көрүүсүн талап кылууда.

Маркум ишкердин бир тууган иниси Нурлан Бузурманкуловдун айтымында, 2010-2011-жылдары Абдуллаев агасында кытай тилинен котормочу болуп иштеген. Ошол мезгилдерде ал Бузурманкуловдон алгач 211 миң доллар карыз алган. 2011-жылы дагы 150 миң доллар, кийинчерээк бизнес ачарын айтып дагы акча алып отуруп, жалпы 1 млн долларга жакын каражат алган. Учурда Абдуллаев акчаны кайтарып бербей жатат. Аларда аталган сумманын дээрлик 300 миң доллар акчасы боюнча тилкаты бар.

Нурлан Бузурманкулов

«2020-жылы Ялкун Абдуллаев, Кадыр агам (Кадыр Бузурманкулов – ред.), мен жана экс-депутат (атын атаган жок — ред.) болуп жолукканбыз. Анда ал жалпы 955 миң доллар карыз экенин мойнуна алган. Ошондо акчанын ордуна кытайлар аркылуу иштеп жүргөн Жети-Өгүз районундагы «Ак-Шыйрак» деген кенди өткөрүп берүүнү сунуштаган. Ага баарыбыз күбө болгонбуз. Ал унаасынан толгон-токой документтерди алып келип, алдыбызга таштаган. Ал документтер «Ак-Шыйрак» кенине тиешелүү кагаздар экен. Кенди бир айдын ичинде өткөрүп берерин айтып, документтерди бүтүрүү үчүн 30 миң доллар сураган. Агам макул болуп, акчаны берген. Ошону менен убакыт өтүп, ал «Кытайда, Россияда жүрөм» деп отуруп агамдын көзү өтүп кетти», — дейт ал.

Нурлан Бузурманкуловдун айтымында, агасы 2021-жылы апрель айында каза болгондон кийин туугандары маркумдун зыйнатын, кырк ашын өткөрүү менен алек болуп калышат. Кийинчерээк алар Абдуллаев менен сүйлөшүп, акчаны кайтарып берүүнү сурайт. Абдуллаев акчаны кайтарууга макул болот.

«Акчаны агамдын жылдык ашы өткөнгө чейин кайтарып берет деп сүйлөшкөнбүз. Ал макул деп кеткен. Агамдын жылдык ашы да өттү, бирок акчаны кайтарган жок. Чалсак телефонун албай баштады», — дейт ал.

Бузурманкулов билдиргендей, Абдуллаев акчаны кайтарбай жаткандыктан, алар 2022-жылдын апрель айында биринчи болуп УКМКга арыз жазышкан.

«Ал арыз жазылган күнү эле кармалды. Түндө үйдө отурсак, юристтер чалып, Абдуллаев мен жана жеңем Мээрим Акматова менен сүйлөшүп, маселени чечем деп жатканын айтышты. Биз «адамгерчилик атаңдын куну беле» деп бардык. Барсак аны эшикке алып чыгып беришти. Биз таң калып калдык. Себеби ичине кирип сүйлөшөбүз деп ойлогонбуз. Сүйлөшүү учурунда ортодо түшүнбөстүк пайда болду. Биз муну менен бүтпөйт экен деп кетип калдык. Ал менен юристтер калган. Бир-эки саттан кийин юристтер чалып, Абдуллаев тилкаттын негизиндеги карыздарды төлөп берерин, тилкат жок карыздар боюнча, далилдер болсо, аны да төлөп берерин айтканын билдиришти. Биз ага да макул болдук», — дейт ал.

Сүйлөшкөндөн кийин алар үч күн өткөн соң жолугушкан.

«Ал Кадыр агамдын кеңсесине кирип сүйлөшүүгө макул болбой койду. Башка бир аянтчага чакырды. Юристтер барса, 10 миң доллар алып келип, «азыр ушул сумманы алып турсун, калган акчаны жыл аягына чейин кутулуп берем» дептир. Биз ага макул болгон жокпуз. Биз биринчи 211 миң долларды, андан кийин 150 миңди, андан соң 296 миң долларды кайтарып, калганын 3-4 айга бөлүп бере тургандай тилкат алалы дедик. Абдуллаев ага макул болбой кетип, ошону менен жок болуп кетти», — дейт.

Андан кийин маркумдун туугандары (былтыр) июнь айында Биринчи май райондук милицияга кайрылган. Бирок милиция ишти карап, кийинчерээк жаап койгон. Буга байланыштуу алар прокуратурага кайрылып, иш кайра жандандырылган. Учурда ишти Бишкектин Октябрь райондук милициясы карап жатат. Ал бүгүнкү күнү иштин жыйынтыгы чыкпай жатканын айтат.

«Биз азыр алар менен мышык-чыккан ойноп калдык. Тергөөчүлөр ишти жабат, биз ар кайсы жакка арызданып, ишти кайра жандандырабыз. Булар кайра жабат. Ошону менен бүгүнкү күнгө чейин келе жатабыз», — дейт Бузурманкулов.

Кеңеш Жумабаев

Кадыр Бузурманкуловдун туугандарынын бири Кеңеш Жумабаев Ялкун Абдуллаев Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алганын айтып, буга укук коргоо органдары чара көрбөй жатканына арызданды. Анын айтымында, Абдуллаев алгач Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алып, кийин Россиянын атуулдугуна өткөн. Ал өзү Кытайдын жараны болот.

Жумабаев билдиргендей, Абдуллаев 2010-жылдары Екатеринбургда жүрүп, «паспортту жоготуп алдым» деген жүйөө менен Ноокен районунан туулгандыгы тууралуу күбөлүк, аскердик билеттерин жасатып, паспорт алган.

«2012-жылы Ялкун бул жакка келип, Кыргызстандын паспортунун негизинде Россиянын жарандыгын алган. Ал Кытайдан келгенде эки паспорт менен келген экен. Аны эч кимге айткан эмес. Эми билинип жатат», — дейт .

Жумабаевдин айтымы боюнча, 2012-жылы УКМК Абдуллаевдин паспортун жараксыз деп таап, бирок чек араны мыйзамсыз кесип өттү деп, паспорту боюнча ишти аягына чыгарган эмес.

«Анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө көрсөтүлгөн атасы, апасы тууралуу маалыматтар жасалма болуп чыккан», — дейт ал.

Маркум Кадыр Бузурманкуловдун туугандары иштин акыйкат чечилиши үчүн президент, башкы прокурорго кайрылып, алардан үмүт артып жатканын айтышат. Алар билдиргендей, укук коргоо органдарында Ялкун Абдуллаевди калкалаган адамдар бар болуп, иштин оң чечилишине бут тосууда.

Алар аталган маселе 2-3 күндүн ичинде чечилбесе маркумдун туулган жери Токтогул районунда митингдерге чыгарын билдиришти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>